Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА ТӨРТ КӨЧӨ АЧЫЛДЫ

09.07.2026  11:16     Кароолор (64)

Бүгүн, 9-июль күнү Талас шаарында жаңыланган төрт көчөнүн салтанаттуу түрдө ачылды.

Иш-чарага КР Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору Илимбек Джумагулов, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Жаныбеков, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Бул күнү төмөнкү көчөлөр расмий түрдө пайдаланууга берилди:

🔹 Шекербек Шеркулов көчөсү – 1300 метр аралыкта толук реконструкцияланды;
🔹 Өзүбек Шамбетов көчөсү – 622 метр аралык капиталдык оңдоодон өткөрүлдү;
🔹 Ж. Мырзалиев көчөсү – 1276 метр аралык заманбап талаптарга ылайык жаңыланды;
🔹 Ислам Сарыгулов көчөсү – Бердике Баатыр көчөсүнөн Асанбек Оторбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.

Жаңыланган көчөлөр шаар тургундары үчүн коопсуз, ыңгайлуу шарттарды түзүп, Талас шаарынын өнүгүүсүнө дагы бир чоң салым кошот.