Бүгүн, 30-апрелде, Талас шаарынын мэриясынын жыйын залында мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү максатында “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын калк арасында жайылтуу жана түшүндүрүүгө багытталган иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага шаардагы мамлекеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын негизги максаты – калкты жана кызматкерлерди “Түндүк” системасы менен тааныштыруу, анын артыкчылыктарын түшүндүрүү жана электрондук кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү арттыруу болду.
Программа алкагында катышуучулар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-апрелиндеги №260-т тескемеси жана Талас шаарынын мэриясынын №156 буйругу менен таанышып, “Түндүк” системасы боюнча презентациялар жана практикалык үйрөтүүлөр өткөрүлдү. Иш-чарада негизги баяндаманы “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин башкы адиси Мирлан Абдылдаев жасады. Ошондой эле, видео-слайд жана тиркемени колдонуу боюнча практикалык көрсөтмөлөр берилди.
Катышуучулар “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу маалымат алуу тартиби, тиркеменин мүмкүнчүлүктөрү жана жакынкы убакта кагаз жүзүндөгү документтерди талап кылууну токтотуу боюнча маалымат алышты. Иш-чара суроо-жооп форматында улантылып, консультациялык жардам. көрсөтүлдү.