2024-жылдын 9-сентябрынан 19-сентябрына чейин Талас шаарында “Үй-бүлө” аталышындагы рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу жана буга чейин катталган жарандарды экинчи жолу мыйзам бузууга жол бербөө болду.
Талас шаарынын мэриясынын, Талас ШИИБдин кызматкерлери, Эмгек камсыздоо миграция башкармалыгынын өкүлдөрү жана Талас облусунун акыйкатчысынын өкүлү менен биргеликте жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Рейддин жыйынтыгында жалпы 19 протокол түзүлүп, тиешелүү эскертүүлөр берилди.