Жаңылыктар

Талас шаарында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” форуму өткөрүлдү

12.02.2026  14:30     Кароолор (18)

2026-жылдын 12-февралында Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” аталышындагы чыгармачыл союздардын жана илимий интеллигенциянын шаардык форуму болуп өттү.


Иш-чарага Талас шаарынын мэриясынын кызматкерлери, ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү,  мектептердин жана кесиптик окуу жайлардын мугалимдери, Талас мамлекеттик университетинин окутуучулары, Улуттук “Манас ордо” комплексинин кызматкерлери катышты.


Форумдун жүрүшүндө улуттук баалуулуктарды даңазалоо, жаш муунду мекенчилдикке тарбиялоо, маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды. Спикерлер тарабынан тарыхый аң-сезимди чыңдоо, улуттук идеологияны бекемдөө жана коомдогу руханий биримдикти арттыруу багытында сунуш-пикирлер айтылды.


Иш-чаранын жыйынтыгында форумдун резолюциясы кабыл алынды. Алдыда бул багытта республикалык деңгээлде форум өткөрүлөрү белгилүү болду.