Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» №305 сандуу Жарлыгына ылайык, бүгүн 14-сентябрь күнү Талас шаарында массалык ишембилик өттү.
Ишембиликтин алкагында шаар аймагынын санитардык абалы жакшыртылып, унаа жол жээктери, парктар, скверлер, токой ичи ж.б. калк көп эс алуучу жайлар катуу тиричилик таштандылардан тазаланып айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Буга кошумча административдик имараттардын, турак жайлардын фасаддык бетин архитектуралык - эстетикалык талаптарга келтирүү, көрнөк жарнактарды жаңыртып актап-сырдоо, ирригациялык суу өткөрмө түтүктөрдү тазалоо боюнча иштер аткарылды.