Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ МУНИЦИПАЛДЫК БАЛА БАКЧА АЧЫЛАТ

01.04.2025  16:45     Кароолор (14)

Жергиликтүү бийлик Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн мурунку имаратын оңдоп, кайра бала бакча кылуунун жолдорун караштырууда.

Бул максатта бүгүн,1-апрелде Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов жана Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Азенбек Козукеев имараттын абалын жеринде көрүп,аны заманбап бала бакчага айландыруу мүмкүнчүлүктөрү боюнча сүйлөшүштү.

Шаар мэри Байышбек Астанакулов имаратты бала бакча кылууга каражат табып, колдоо көрсөтөөрүн билдирди .

Белгилей кетсек, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн(ГОВД) имараты мурда бөбөктөрдү батырган бала бакча болгон. Кийин аталган кызматка өткөн. Эми кайрадан бала бакча болуп реконструкциядан өтөөрү күтүлүүдө.