Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ЖАНДЫРЫЛДЫ

23.12.2024  12:36     Кароолор (26)

23-декабрда Талас шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.

Ага Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов, депутаттардын Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, шаардык мекеме, ишкана жетекчилери жана шаар тургундары катышты.

Салтанаттуу иш-чара Талас шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.