Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДА ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО ӨТҮП ЖАТАТ

17.11.2024  10:00     Кароолор (19)

2024-жылдын 17-ноябрында Талас шаарында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Өлкө боюнча шайлоо участкалары саат 8:00дө ачылды.

Шаар башчысы Байышбек Астанакулов таң эрте жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн №9601 аралыктан добуш берүү участогуна барып, жарандык милдетин аткарды. Өз сөзүндө шайлоонун маанилүүлүгүн белгилеп, жарандарды шайлоо өнөктүгүнө жигердүү катышып берүүгө чакырып өттү.

Белгилей кетсек, жалпы облус боюнча 178 203 шайлоочу жана 117 шайлоо участогу бар. Анын ичинен Талас шаарында 27 011 шайлоочу 10 шайлоо участогу жана 1 аралыктан добуш берүү участогу бар. Азыркы тапта Талас шаарындагы бардык шайлоо участокторунда абал туруктуу.