Жаңылыктар

Талас шаарында жол коопсуздугун камсыздоо боюнча тапшырмалар берилди

29.06.2026  11:08     Кароолор (37)

Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев шаар аймагында жол куруу жана оңдоо иштери жүрүп жаткан көчөлөрдө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарын алдын алуу максатында подрядчы компаниялардын өкүлдөрү жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда курулуш жүрүп жаткан тилкелерге убактылуу жана туруктуу жол белгилерин өз убагында орнотуу, коопсуздук талаптарын сактоо жана айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында жооптуу тараптарга жол белгилерин орнотуу иштерин күчөтүү жана көзөмөлдү жогорулатуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.