Талас шаарынын вице-мэри Эркин Аскаров, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков, төраганын орун басарлары Н.Тургунбеков, А.Курамаев,
бюджет комиссиясынын мүчөсү Акылбек Жакшымбеков жана муниципалдык ишкананын жетекчиси К. Жыргалбаев менен биргеликте Талас шаарындагы жолдордун жана тротуарлардын курулуш иштерин текшерип, жеринен кабар алышты.
Жол жана тротуарлардын курулушу жеринде текшерилип, иштин жүрүшүндө көптөгөн маанилүү аспектилерге көңүл бурулду. Вице-мэр жана шаардык кеңештин депутаттары сапатты жана курулуш эрежелерин так сактоо зарылдыгын баса белгилешти. Алар, ошондой эле, ишти аба ырайынын суукташына чейин бүткөрүү милдетин белгилешип, бул маселеге өзгөчө көңүл бурушту. Тротуарларды салууда кызыл сызыктан чыгып кеткен тосмолорду алдын ала жылдыруу зарылдыгы да белгиленди, бул иштин тездик менен жүрүшүнө тоскоолдук кылбашы керектиги баса белгилешти.
Бул жолугушуунун жыйынтыгында эл өкүлдөрү куруучуларга ийгилик каалап, иштин сапаттуу жана өз убагында аяктоосу үчүн тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилип, андан тышкары иштердин ырааттуулугун көзөмөлдөө боюнча дагы кошумча чаралар кабыл алынды.
Бул кадамдар шаардын инфраструктурасын жакшыртууга жана жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.