15-декабрда Талас шаарындагы К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында өспүрүмдөр арасындагы зомбулуктун алдын алуу максатында форум уюштурулду.
Иш-чара “Зомбулуксуз 16 күн” акциясынын алкагында өткөрүлүп, Талас ШИИБдин жетекчилиги, мэрия, билим берүү бөлүмү, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, мугалимдер, студенттер, окуучулар катышышты.
Форумдун жүрүшүндө өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулуктун жана рекетчиликтин кесепеттери, кылмыштуулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.