19-февраль күнү Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, Талас шаардык кеңешинин төрагасы Калыс Джаныбеков, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарынын катышуусунда көчмө жыйын өттү.
Тийиштүү жетекчилер жана депутаттар шаар аймагындагы бир катар бала бакчаларга барып, азыркы абалы менен жеринде таанышышты. Комиссия мүчөлөрү бакчалардын материалдык-техникалык базасын, имараттардын абалын, жылуулук системасын жана санитардык-гигиеналык шарттарын карап чыгышты.
Мындан тышкары оюн аянтчаларынын коопсуздугу, жаңылоону талап кылган эмеректер, ашканалардын жабдылышы жана өрт коопсуздугу боюнча маселелер көтөрүлдү. Айрым бала бакчаларда капиталдык оңдоого муктаж болгон бөлмөлөр бар экени аныкталды.
Жыйынтыгында аныкталган маселелер шаардык кеңештин “Бюджет жана муниципалдык менчик” туруктуу депутаттык комиссиясына сунушталып, 2026-жылдын бюджетине киргизүү маселеси каралары белгиленди.