Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Жаныбеков жана мэриянын аппарат жетекчиси Анарбек Ибралиев Манас көчөсүндө соода сатык кылган ишкерлер менен жолугушту.
Жолугушууда электр жана интернет чубалгылары тартылган бетон мамылардын айланасында коопсуздук талаптарын сактоо зарылдыгы белгиленди. Адистердин айтымында, мындай объектилердин жанында соода жайларынын жайгашуусу өрт коркунучун жаратышы мүмкүн.
Бул багытта буга чейин тиешелүү мекемелерден, анын ичинде байланыш кызматтарынан да кайрылуулар түшүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрүү зарылдыгы көтөрүлгөн.
Жыйынтыгында тараптар ар бир маселени жеринен карап чыгып, коопсуздукту биринчи орунга коюу менен мыйзам чегинде иш алып баруу керектигин белгилешти. Шаар бийлиги базар аймагын тартипке келтирүү жана коопсуз шарттарды түзүү иштерин мындан ары да улантат.