Шаардын чыгыш тарабында башталган жол оңдоо иштеринен мэр Нургазы Асылбеков жеринде таанышып, жумуштарды сапаттуу жана так аткаруу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Шаар башчысы бул иштер жеке көзөмөлүндө болорун белгиледи.
Ошондой эле, бүгүнтөн баштап жол оңдоо иштерине байланыштуу Бердике баатырдан тышкары, Үмөт Молдо жана Шамбетов көчөлөрү убактылуу жабыла турган болду.