Жаңылыктар

Талас шаарындагы билим берүү мекемелерин даярдыгы текшерилди

10.08.2025  15:00     Кароолор (5)

Талас шаарындагы бала бакчалар жана мектептер 2025–2026-жаңы окуу жылына карата даярдыгы боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан текшерүүдөн өттү. Комиссия тарабынан билим берүү мекемелерин санитардык абалы, материалдык-техникалык камсыздалышы, имараттардын тазалыгы жана жылытуу системалары текшерилди.

Мындан тышкары мектептердин жана бала бакчалардын оңдоп-түздөө иштериндеги ремоттун абалы дагы эске алынды.

Ошондой эле коммисия тарабынан окуучулардын жалпы саны, каттоодо турган жана каттоосу жок балдардын маалыматы, ата-энелери миграцияда жүргөн окуучулар боюнча маалыматтар такталды.