Бүгүн, 21-майда Талас шаарындагы борбордук паркта заманбап 8 түрдүү аттракцион курула турган ири долбоордун алкагында курулуш иштери расмий башталып, мезгил кутусу салынды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жана Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев, облус башчысы Эрмат Джумаев, шаар мэри Байышбек Астанакулов жана шаар тургундары катышты.
Жалпы аянты 1,5 гектарды түзгөн парктын курулушу 2025-жылдын август айында толук аякташы күтүлүүдө. Аттракциондун жабдуулары Кытай Эл Республикасынын заводунан 74 261 000 сомго алып келинип, орнотуу иштерине 25 000 000 сом жумшалат. Долбоор толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Жаңы аттракциондор шаар тургундарынын көңүл ачуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип гана тим болбостон, туризмдин өнүгүшүнө да чоң салым кошот.