Жаңылыктар

Талас шаарындагы энелерге сыйлыктар тапшырылды

21.05.2026  14:30     Кароолор (3)

Энелер күнүнө карата Талас шаарында аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон жана коомдук иштерге активдүү катышкан энелерди сыйлоо иш-чарасы өткөрүлдү.

Ага ардактуу эс алуудагы энелер, көп балалуу, аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле ар кыл тармакта үзүрлүү эмгектенген айымдар чакырылды.

Талас шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде бир катар энелер жана айымдар мэриянын “Ардак грамотасы” жана “Ыраазычылык каты” менен сыйланышты.

Иш-чарада шаар мэри Нургазы Асылбеков энелердин коомдогу, үй-бүлөдөгү жана жаш муунду тарбиялоодогу орду өзгөчө экенин белгилеп, аларга бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.