Талас шаарынын Өзүбек Шамбетов көчөсүндөгү жолдун үстүңкү катмары сыйрылып , жаңы асфальт төшөөгө даярдалууда.
Жол оңдоо долбоору боюнча Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков аталган көчөнүн тургундары менен жеринде жолугуп , иштин тартиби боюнча түшүндүрүп ,кенен маалымат берди.
Жолугушууда жолду талаптагыдай салуу үчүн “кызыл сызык” чегинен чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар, тосмолор жана бак-дарактар алынаары эскертилди .
Мындан тышкары шаар башчысы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине тапшырма берип, жолду сапаттуу кылып оңдоону, суу, канализация, электр энергиясы , интернет түйүндөрүн тартипке келтирүүнү жана иштерди мөөнөтүнөн кечиктирбей бүтүрүүнү эскертти.