Жаңылыктар

Талас шаарындагы канал жээктер тазаланат

22.08.2025  17:20     Кароолор (7)

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 “Сууну коргоо зоналары жана суу объект тилкелери жөнүндөгү” токтомунун негизинде, Талас шаарынын аймагында суу коргоо зоналарын аныктоо жана тазалоо иштери башталды.

Бул иштин алкагында Талас-Арык, Сарт-Арык жана Жана-Арык каналдарынын жээктери тазаланууда. Тазалоо иштери Э.Турсуналиев (Мира) көчөсүнөн башталып, А.Оторбаев көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө.

Бул боюнча Талас шаардык мэриясы жана муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп иш алып барууда.