Жаңылыктар

Талас шаарындагы мектептерде акыркы коңгуроо кагылды

29.05.2026  16:00     Кароолор (5)

Бүгүн, Талас шаарындагы №1 А. Чолпонкулов атындагы орто мектебинде уюштурулган акыркы коңгуроо салтанатына Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков катышып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады. Шаар башчысы өз сөзүндө жаштарды билимдүү, мекенчил жана жоопкерчиликтүү жаран болууга чакырып, , алдыдагы кадамдарына ийгилик каалады.

Ошондой эле шаардык кеңештеги депутаттардын колдоосу менен 9 мектепке интерактивдүү такталар тапшырылды.

Билим берүү бөлүмүнүн билдирүсүнө ылайык бүгүн Талас шаарындагы мектептерден 11-классты 466 окуучу, ал эми 9-классты 881 окуучу аяктоодо.

2-июндан тарта бүтүрүүчүлөр мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүп, төрт предмет боюнча экзамен тапшырышат. Бүтүрүүчүлөргө аттестаттарды тапшыруу аземи 26-июнда өткөрүлөт.

Талас шаарынын мэриясы бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол, бекем ден соолук жана чоң ийгиликтерди каалайт.