2025-жылдын 2-июлунда Талас шаардык кеңешинин кезектеги VII сессиясы болуп өттү. Сессия шаардык мэриянын жыйындар залында болуп, ага шаардык кеңештин төрагасы Калыс Жаныбеков баштаган депутаттар жана шаардагы ар түрдүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Сессиянын күн тартибинде жалпы 11 маселе каралды. Алар;
1. Талас шаарында курулуш жүргүзүүдө жер пайдалануу эрежелерин жана архитектуралык ченемдик нормаларды сактоону камсыз кылуу маселеси.
2. Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү тартиби тууралуу маселе.
3. Талас шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө.
4. “Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы жөнүндө” жобону бекитүү.
5. “Таза Суу” муниципалдык ишканасына “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан кайтарымдуу негизде берилген жалпы суммасы 5 500 000 сомдук “HOWO” үлгүсүндөгү ассенизатор техникасын муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрине кошуу маселеси.
6. Талас шаарынын аймагындагы нарктык зоналардын чектерин жана зоналык коэффициенттерди бекитүү (турак эмес объекттерге, курулмаларга, айыл чарба багытындагы эмес жерлерге карата).
7. Муниципалдык социалдык шаарча аймагында курулган мечитти облустук казыятка өткөрүп берүү тууралуу маселе.
8. Талас шаарындагы №8 орто мектебинин ордуна жаңы заманбап мектеп курууга макулдук берүү.
9. А.Алдашукуров көчөсү №55 дарегинде жайгашкан имаратты реконструкциялап, бала бакча жана балдар аянтчасы менен куруу үчүн 2 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга уруксат берүү.
10. Бир нече ири жер участокторунун категориясын өзгөртүүгө макулдук берүү. А.Оторбаев көчөсү №1/1а, Б.Баатыр көчөсү №20а даректериндеги жалпы 50 080,0 м² жерди стадион куруу үчүн айыл чарбалык эмес максатка трансформациялоо; Э.Мадиев көчөсү №71а дарегиндеги 4 473,57 м² жер участогун “өнөр жай жана башка” категориядан “калктуу конуш” категориясына өткөрүү боюнча баяндамалар жасалып, тийиштүү чечимдер кабыл алынды.
11.Талас шаарындагы Э.Кутманалиев атындагы стадионун Талас шаардык футбол боюнча спорттук мектебине чарба жүргүзүү максатында ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук жөнүндө.