Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНДАГЫ ЖОЛДОР ЗАМАН ТАЛАБЫНА КЕЛТИРИЛЕТ

07.05.2026  15:50     Кароолор (4)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, Талас шаарындагы негизги жана ички көчөлөрдү асфальттоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев, техникалык көзөмөл кызматкерлери, долбоорчу уюм жана подряддык мекемелердин өкүлдөрү көчмө жыйын өткөрүп, жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышышты.

Учурда жолдун эки тарабына латоктор орнотулуп, таза суу жана саркынды суу түтүктөрү жаткырылып, бордюрларды коюу иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жүрүшүндө айрым подряддык уюмдардын ишиндеги кемчиликтер белгиленип, иштерди ыкчам жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.