2025-жылдын 19-июнь күнү Талас шаарында 2016–2045-жылдарга карата иштелип чыккан Генералдык план боюнча коомдук угуу болуп өттү. Иш-чарага Талас шаарынын вице-мэри Көчөрбаев, шаардык кеңештин төрагасы Калыс Джаныбеков, шаардык кеңештин депутаттары жана тиешелүү кызматтардын адистери катышты.
Коомдук угууну Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы — долбоордун буйрутма берүүчүсү катары уюштурду. Белгилеп кетүүчү жагдай, Талас шаарынын Генпланы буга чейин да коомчулукка сунушталып, тиешелүү кызматтар тарабынан сунуштар менен толукталган.
Бул жолку коомдук талкуу маалында эл өкүлдөрү тарабынан кошумча сунуштар айтылып, тактап айтканда, 2005-жылы кабыл алынган «Курулуш куруу жана жер пайдалануу боюнча эрежелерге» ылайык түзүлгөн картаны негиз кылып алуу менен шаардын өнүгүү планын кайра иштеп чыгуу сунушталды. Ошондой эле шаардын борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу турак жайларды курууга өзгөчө көңүл буруу, жер тилкелеринин зоналык абалын жана акыркы жылдардагы курулуштарды эске алуу зарылдыгы белгиленди.
Мындан тышкары, долбоорду толуктоо жана тактоо иштеринде шаардык архитектура бөлүмү, Мамлекеттик каттоо кызматы жана башка тиешелүү органдар менен тыгыз кызматташуу тапшырмасы коюлду.
Коомдук угуу учурунда Талас шаарынын вице-мэри Айбек Көчөрбаев, айтылган сунуштардын негизинде Генпланды толук иштеп чыгып, мыйзам чегинде бекитүү боюнча зарыл иштер жүргүзүлөрүн баса белгиледи.