9-октябрь күнү, Талас шаарынын 80 жылдык мааракесине арналган спорттук оюндардын салтанаттуу ачылышы Э. Кутманалиев атындагы стадиондо болуп өттү.
Спорттук мелдештерге жаш өспүрүмдөр катышып, мектептер арасында жеңил атлетика, шахмат жана тогуз коргоол боюнча таймаштар өткөрүлдү. Мелдешке катышкан 3 командага кубоктор, ал эми 1, 2 жана 3-орунду алган спортчуларга медалдар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Салтанаттуу ачылышка Талас шаарынын мэри Байышбек Кахроманович Астанакулов катышып, иш-чараны расмий түрдө ачып берди.