Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН АЙМАГЫНА 64 ДААНА ВИДЕО КӨЗӨМӨЛ КАМЕРАЛАРЫ ОРНОТУЛДУ

25.10.2024  16:00     Кароолор (8)

Депутаттардын Талас шаардык кеңишинин колдоосу менен Талас шаарынын 38 жерине 64 видео көзөмөл камералары орнотулду. Алардын ичинен 10 даанасы адамды жүзүнөн тааныйт, 5 даанасы автоунаалардын мамлекеттик номерлерин аныктайт, 49 даанасы көзөмөл камералар.

Талас шаарынын аймагына кылмыштуулуктун алдын алуу максатында коюлган видеокамералар Талас ОИИБдин санарип көзөмөл борборуна туташтырылат. Ошондой эле Талас ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Талас шаарынын мэриясына онлайн форматта көрүү үчүн сыналгылар орнотулган.

Азыркы тапта видео көзөмөл камераларын ИИМдин “Коопсуз өлкө” борборуна кошуу жумуштары жүргүзүлүүдө.