Талас шаарынын борбордук аянтына заманбап жарыктандыруулар орнотулуп жатат. Инфраструктураны өнүктүрүү жана шаарга заманбап көрүнүш берүү максатында “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жаңы үлгүдөгү жарык берүүчү жабдыктарды орнотуу иштери башталды.
Учурда бийиктиги 12 метр болгон 60 даана заманбап чырактар жана LED-экрандар алынып келинип, монтаждоо иштери активдүү жүрүүдө.
Талас облусунда инфраструктураны жакшыртуу багытында ири иштер аткарылып келет. “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду тарабынан жалпы 62 долбоор ишке ашырылып, аларды каржылоо үчүн 73 миллион сом бөлүнгөн.
Бул аракеттер шаарды жакшыртууга, коомдук мейкиндиктердин коопсуздугун жана көркүн арттырууга багытталган.