Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮСҮ “АЛТЫН СЕРТИФИКАТКА” ТАТЫДЫ

23.06.2025  13:50     Кароолор (7)

Бүгүн, 23-июнда жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгы белгилүү болду. Ага ылайык, 54 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификатка” татыды. Анын ичинде Талас шаарындагы Р.Я. Рысакова атындагы №2 орто мектептин бүтүрүүчүсү Ашимов Мансур Эркинович 231 упай менен “Алтын сертификатка” ээ болду. Аталган сертификат бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайларына бюджеттик негизде өтүүгө, ошондой эле кошумча артыкчылыктарга мүмкүнчүлүк берет.

Белгилей кетсек, эң жогорку упай — 242 — Бишкек шаарындагы №70 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесовго таандык. Жалпысынан ЖРТга өлкө боюнча 54 миң бүтүрүүчү, абитуриент катышты.