Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ЖАНА ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИНИН ИМАРАТТАРЫН ОҢДОО ИШТЕРИ УЛАНУУДА

21.08.2024  14:09     Кароолор (12)

Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов шаардагы мектепке чейинки билим берүү мекемелери жана орто билим берүү мекемелеринин имараттарын оңдоо иштерин көзөмөлдөө максатында жеринде таанышып чыкты. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө” жобонун алкагында жүргүзүлүүдө.

Жумуштардын алкагында №6 “Теремок” балдар бакчасынын абалы текшерилип, ички дубалдардын шыбактарын жаңыртуу, эшиктерди алмаштыруу, полдорду жана электр монтаж иштерин жүргүзүү пландаштырылган. Бул максаттар үчүн дем берүүчү гранттын эсебинен 3,700,002 сом бөлүнгөн, анын ичинен 20% же 740,000 сом жергиликтүү бюджеттин өздүк салымы болуп эсептелет.

Оңдоо иштери билим берүү мекемелеринин коопсуздугун жана балдардын окуу шарттарын жакшыртууга багытталган. Шаар бийлиги иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыздоого өзгөчө маани берүүдө.