Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН МЭРИ №5 МЕКТЕПТЕГИ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИН ТЕКШЕРИП, ТАПШЫРМАЛАРДЫ БЕРДИ

10.09.2024  17:06     Кароолор (13)

Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов №5 мектепте капиталдык салымдардын негизинде жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышып, ремонтту тездетүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берди. Мэр белгилегендей, окуучулардын офлайн билим алуусун үзгүлтүксүз улантуу үчүн бардык зарыл шарттар тез арада түзүлүшү керек. Ошондой эле, оңдоп-түзөө иштеринин сапаттуу жана өз убагында аякташы балдардын билим алуу процессине чоң таасир этерин кошумчалады.

Келишим түзүлгөн подрядчы компания өкүлдөрү оңдоп-түзөө иштерин бир жуманын ичинде аяктоого убада беришти.