Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри “Ак бешик” балдар бакчасындагы кырдаалды жеринен көзөмөлдөдү

19.11.2025  16:17     Кароолор (6)

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков «Ак бешик» балдар бакчасында чыккан авариялык абалга байланыштуу объектке барып, кырдаал менен таанышты.

Маалым болгондой, 15-ноябрда жылуулук түтүгүнүн жарылышынан улам бакчанын жер төлөөсүн суу каптап, мекеме убактылуу жабылган. Ошондон бери балдар кабыл алынбай, оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Мэр Нургазы Асылбеков тиешелүү кызматтарга тез арада калыбына келтирип, балдар бакчасынын ишин кыска мөөнөттө жандандырууну тапшырды. Ал мындан ары мындай кырдаал кайталанбашы үчүн алдын алуу чараларын күчөтүүнүн маанилүүлүгүн да белгиледи.

Аталган балдар бакчасында 210 бала тарбияланат жана бакчанын үзгүлтүксүз иштеши ата-энелер үчүн өзгөчө мааниге ээ