Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахромановичтин куттуктоо сөзү:

31.08.2024  11:37     Кароолор (25)

“Урматтуу Талас шаарынын тургундары жана коноктору!

31-август – Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү – ар бирибиз үчүн өзгөчө жана маанилүү майрам. Бул күн бизге ата-бабаларыбыздын эрдигин жана эркиндигибизди эске салат. Эгемендүүлүк – бул биздин тынчтык, өз ара урматтоо жана жаркын келечекке болгон ишенимибиздин символу.

Бүгүнкү күндө, Президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен, Талас шаарында жаңыдан заводдор ачылып, көчөлөр оңдолуп, тротуарлар салынууда. Буюрса, Талас шаарынын инфраструктурасы күндөн-күнгө өсүп келет. Жаңыдан даярдалган мэр катары, сиздер менен биргеликте бул улуу күндү белгилеп жатканыма кубанычтамын!

Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы ар бириңиздерге бакыт жана ийгилик алып келсин! Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө тынчтык, ден соолук жана бакубат турмуш каалайм. Кыргызстандын келечеги жаркын жана кең болсун!

Урматым менен Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахроманович”.