“Урматтуу Талас шаарынын тургундары жана коноктору!
Сиздерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул күн биздин элибиз үчүн өзгөчө мааниге ээ.
1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети кыргыз тилине мамлекеттик тил макамын ыйгарган мыйзам кабыл алып, эгемендүү мамлекетти курууга орчундуу кадам жасаган. Бул тарыхый чечимден тартып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында көптөгөн иштер жүргүзүлүп келүүдө.
Кыргыз тили — улуттук иденттүүлүгүбүздүн негизи, тарыхыбыздын, маданиятыбыздын жана дилибиздин күзгүсү. Биз тил аркылуу мурастарыбызды, руханий дөөлөттөрүбүздү сактап, аларды кийинки муундарга жеткиребиз.
Мамлекеттин ар бир тармагында кыргыз тилин кеңири колдонуу жана анын өнүгүшүнө бардык шарттарды түзүү — биздин башкы милдетибиз. Шаарыбыздын бардык мекеме жана уюмдарында мамлекеттик тилди колдоо жана анын кадырын көтөрүү боюнча өзгөчө көңүл бурулууда. Биз баарыбыз биригип, кыргыз тилинин мындан ары да гүлдөп-өнүгүшү үчүн тынымсыз иштөөгө даярбыз.
Тилибизди сүйүп, аны ардактоо ар бирибиздин жарандык милдетибиз. Тилдин күчү — биримдикте жана тилектештикте.
Майрамыңыздар менен!
Урматым менен,
Астанакулов Байышбек Кахроманович,
Талас шаарынын мэри”.