Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахромановичтин куттуктоо сөзү:

01.10.2024  00:50     Кароолор (21)

“Урматтуу аксакалдуу аталар жана ак элечек энелер! Кымбаттуу кадырман карыларыбыз!

Сиздерди 1-октябрь — Эл аралык карылар күнү менен Талас шаарынын мэриясынын атынан чын жүрөктөн куттуктайм! Сиздердин акылмандыгыңыздар, жашоо тажрыйбаңыздар жана чыдамкайлыгыңыздар – келечек муундарга чоң үлгү.

Сиздердин кажыбас эмгегиңиздер жана өмүр бою топтогон билгичтигиңиздер биз үчүн абдан кымбат. Ар бириңиздердин өтөгөн эмгегиңиздер жана кыйын учурлардагы сабырдуулугуңуздар биздин коомдун түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө зор салым кошкон.

Карыларды сыйлоо, аларга кам көрүү ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Сиздерге бекем ден соолук, узак өмүр жана тынчтык тилейм. Талас шаары дайыма сиздердин эмгегиңиздерди баалап, урматтап турат!

Майрамыңыздар менен!

Урматым менен Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахроманович”.