Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахромановичтин куттуктоо сөзү:

05.10.2024  09:00     Кароолор (14)

“Урматтуу мугалимдер, кадырлуу агайлар жана эжекелер!

Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар – Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бул күндө билимге суусаган балдарга, жаштарга акыл-нур берип, аларды чоң турмушка даярдап жаткан сиздердин эмгегиңиздер өзгөчө бааланат.

Ар бир ийгиликке жеткен жарандын артында – тажрыйбалуу, чебер мугалимдердин эмгеги турат. Сиздердин сабырдуулук менен талыкпай берген билимиңиздер өлкөбүздүн келечеги үчүн түптөлгөн бекем пайдубал. Окуучуларыңыздардын жетишкендиктери – сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин, аракеттериңиздердин натыйжасы.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктап, ден соолук, бакубатчылык жана сабак берүү ишиңиздерде чексиз ийгиликтерди каалайм! Баардык алгылыктуу иштериңиздердин акыбети кайтсын!

Майрамыңыздар менен!“