Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН МЭРИ АСТАНАКУЛОВ БАЙЫШБЕК КАХРОМАНОВИЧТИН КУТТУКТОО СӨЗҮ:

01.11.2024  10:00     Кароолор (15)

“Урматтуу милиция кызматкерлери жана ардагерлер!

Талас шаарынын мэриясы жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди Милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздердин кайратмандык менен аткарган кызматтарыңыздардын аркасы менен шаар тургундарынын коопсуздугу, бейпилдиги жана мыйзамдуулугу сакталып келет. Күнү-түнү талыкпай, элибиздин тынчтыгын камсыздоодо жасаган эмгегиңиздер биздин коомдун бейкуттугу үчүн негизги тирек болуп саналат. Ар бириңиздердин ишке берилгендигиңиздер жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздер урматка татыктуу.

Жараткан ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана түбөлүк амандык берсин. Келечекте дагы коомдун коопсуздугу үчүн жасаган иштериңиздердин үзүрүн көрүп, сый-урматка бөлөнө бериңиздер!

Ишиниздерге ийгилик, өлкөбүздө тынчтык жана стабилдүү жашоону каалайм!

Сиздердин ак эмгегиңиздерди ар дайым сыймыктануу менен белгилеп өтөбүз.

Майрамыңыздар менен!”