Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахромановичтин куттуктоо сөзү:

31.03.2025  16:44     Кароолор (12)

Урматтуу Талас шаарынын тургундары! Кадырлуу аксакалдар, энелер, ардактуу мусулман бир туугандар!

Бүгүн биз ыйык Орозо айт майрамын чоң кубаныч жана терең урматтоо менен тосуп жатабыз. Бул күн – боорукерликтин, ыймандуулуктун жана жоомарттыктын символу. Орозо айы бою туткан орозоңуздар, кылган ибадаттарыңыздар, жасаган кайрымдуулук иштериңиздер кабыл болсун!

Орозо айы – адамдарды жакшылыкка, тазалыкка, биримдикке жана ынтымакка чакырган ай. Бул айда биз бири-бирибизге камкордук көрсөтүп, муктаждарга жардам берип, жаш-муундарга үлгү боло алдык.

Кыргыз эли ар дайым меймандостугу, кең пейилдиги, кайрымдуулугу менен айырмаланып келген. Биз биргеликте шаарыбыздын өсүп-өнүгүшү, элибиздин бакубат жашоосу үчүн эмгектенип келе жатабыз. Сиздердин ар бириңиздердин кошкон салымыңыздар – биз үчүн өнүгүүнүн негизги күчү!

Ушул улуу күндө ар бир үйгө береке, бакыт жана аманчылык каалайм! Жараткан элибизди тынчтыкта, биримдикте жана молчулукта жашатсын! Жүрөгүбүз сүйүнүчкө, жүзүбүз нурга толсун!

Орозо айт маарек болсун!

Урматтоо менен,

Астанакулов Байышбек Кахроманович

Талас шаарынын мэри.