“Урматтуу басма сөз кызматкерлери, кымбаттуу журналисттер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен чын дилимден куттуктайм! Сиздердин ар бир иш күнүңүздөр – жоопкерчиликти, ак ниетти жана коом алдындагы чоң милдетти талап кылат. Калктын үнүн бийликке жеткирүүдө жана объективдүү маалымат берүүдөгү сиздердин мээнетиңиздер баа жеткис.
Бүгүнкү күндө сиздердин чыгармачылыкка жана акыйкаттыкка болгон берилгендигиңиздер коомубуздун өнүгүүсүнө, эл менен бийлик ортосундагы байланышты чыңдоого чоң салым кошууда. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөр, талбаган эмгегиңиздер жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздер ар дайым урматка татыктуу. Талас шаарынын ар бир тургуну сиздердин эмгегиңиздердин натыйжасында өз шаарынын, өлкөсүнүн жаңылыктарын убагында жана так билип турат.
Сиздерге бекем ден соолук, талыкпаган чыгармачылык дем-күч, бейпилдик жана ийгиликтерди каалайм. Келечекте дагы жаркын жетишкендиктерге жетип, калкыбызга кызмат кыла бериңиздер. Майрамыңыздар кут болсун!”