Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахромановичтин маданият кызматкерлерине куттуктоо сөзү:

02.11.2024  16:00     Кароолор (15)

“Урматтуу маданият кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздердин эмгекчилдигиңиздер жана чыгармачылык жөндөмүңүздөр шаар турмушунда маанилүү орунга ээ. Өз талантыңыздар аркылуу улуттук маданий мурастарды даңазалап, кийинки муундарга жеткирүүдө жана мекенибиздин руханий дүйнөсүн байытуу ишинде зор салым кошуп келесиздер.

Чыгармачылык ийгиликтериңиздер артып, алдыга коюлган максаттарыңыз ишке ашсын. Келечекте да шаар турмушуна жаңы дем жана өнүгүү алып келериңиздерге ишенем.

Искусствонун бийиктигин жана сулуулугун баалаган адамдар катары, сиздерге чың ден соолук, талыкпаган эрк жана чыгармачылык шыктарды каалайм.

Сиздерди урматтоо менен,

Талас шаарынын мэри Астанакулов Байышбек Кахроманович.”