Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов муниципалдык ишканалардын жетекчилери менен бирге шаардагы тротуар курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бердике Баатыр көчөсүн баштан-аяк кыдырып, жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлдөп, тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди.
Шаар башчысы тротуар курууга тоскоол болгон электр мамыларын тез арада жылдыруу, ошондой эле “Кыргыз Телеком” ишканасына интернет байланыш үчүн орнотулган эски мамыларды алып,электр мамыларына кошуп орнотуп кетүү талабын койду. Мындан сырткары, жол жээгинде жайгашкан жана курулуш иштерине тоскоолдук жараткан дарактарды мыйзам чегинде көчүрүү, курулуш таштандыларын кыска убакытта тазалоо боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырма берди.
Белгилей кетсек, Бердике Баатыр көчөсүнө туурасы 3,7 метр болгон тротуар жана велосипед жолу курулууда. Бул долбоор шаар тургундары үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө багытталган. Жалпысынан, Талас шаарынын 14 көчөсүндө, 54 км аралыкта тротуарлар курулуп, жолдор кеңейтилет.