Эске салсак, Талас шаарынын мэриясында жарандарды кабыл алуу белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Ар аптанын шейшемби күндөрү шаар мэри Байышбек Астанакулов жарандарды кабыл алат. Ошондой эле, көтөрүлгөн маселелерди жеке көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берүү менен алардын чечилишин көзөмөлдөйт.
Жарандарды кабыл алуу убактысы саат 09:00дөн 12:00гө чейин.