Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри БУУнун өкүлдөрү менен жолугушту

16.07.2026  16:17     Кароолор (27)

 Бүгүн,  Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков БУУнун «Аялдар» түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

   Жолугушуунун жүрүшүндө аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алууга багытталган Zero VAWG (аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка жол жок) демилгесинин алкагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

   Тараптар 2026-жылга карата стратегиялык артыкчылыктарды, жаштарды коомдук демилгелерге активдүү тартуу, жергиликтүү деңгээлде гендердик теңчиликти жайылтуу, зордук-зомбулуксуз коомду калыптандыруу боюнча биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карашты. Ал эми биргелешкен иштерди алып баруу жагы социалдык маселелер боюнча сектор башчысы Гүлмира Орозалиева дайындалды.

   Жыйынтыгында тараптар өз ара кызматташууну мындан ары да бекемдеп, аталган багыттар боюнча биргелешкен иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча макулдашышты.