Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри эт сатуу жайларындагы бааларды текшерди

28.11.2025  17:35     Кароолор (20)

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков шаар аймагындагы эт саткан соода жайларын кыдырып, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бекитилген эт бааларынын сакталуусун текшерди.

Бекитилген бааларга ылайык:
Сөөктүү уй этинин 1 килограммы — 630 сомдон жогору сатылбоого тийиш;
Сөөктүү кой этинин 1 килограммы — 650 сомдон жогору сатылбоого тийиш.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр ишкерлерге санитардык-гигиеналык талаптарды так аткаруу зарылдыгын, ошондой эле эттин баасын негизсиз жогорулатууга жол берилбей турганын эскертти.

Иш-чаранын максаты — баалардын туруктуулугун камсыздоо, адилеттүү сооданы колдоо жана шаар тургундарына жеткиликтүү баада сапаттуу азык-түлүктөрдү сунуштоо болуп саналат.