Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри инфраструктураны жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди

12.06.2025  10:01     Кароолор (9)

Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов инфраструктураны жакшыртуу боюнча тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди.

Калаа башчысы өзгөчө жарыктандыруу, таза суу түтүктөрүн жана ирригация системасын оңдоо, көрктөндүрүү жана тазалыкты камсыз кылуу иштерине басым кылды. Ошондой эле кызыл сызыктан чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштарды тактап, тартипке келтирүү, жол боюндагы туура эмес илинген жарнамаларды алуу тапшырмасы да коюлду.