Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков шаар тургундары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуу боюнча коомдук угуу өткөрдү. Жыйынга келген тургундар канализация жана жылуулук системасына байланышкан маселелерди, ошондой эле эски бактарды кыюу боюнча көйгөйлөрүн белгилеп, мэрге түздөн-түз кайрылышты.
Мэр Нургазы Асылбеков жарандар көтөргөн ар бир маселени кылдат угуп, тиешелүү кызматтарга дароо тапшырмаларды берди. Ал айтылган көйгөйлөр толук өзүнүн жеке көзөмөлүндө болорун баса белгиледи.
Коомдук угуу шаар тургундары менен ачык диалог түзүүгө, алардын муктаждыктарын угууга жана маселелерди ыкчам чечүүгө багытталган маанилүү аянтча катары кызмат кылды.