Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри курулуш иштери менен таанышты.

09.03.2026  11:01     Кароолор (4)

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков тиешелүү жетекчилерден жана кызматкерлерден түзүлгөн комиссиянын курамы менен Талас шаарындагы К.Нуржанов аллеясы жана Баластан балдар борборунда болуп, курулуш иштери менен таанышты.

Шаар башчысы курулуш иштеринин белгиленген талаптарга шайкеш жүргүзүлүшүнө көңүл бурду. Ошондой эле ишти сапаттуу жүргүзүү, коопсуздук талаптарын так сактоо боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары шаар мэри курулуш иштерин белгиленген мөөнөттөн кечиктирбей өз учурунда толук бүтүрүүнү эскертти.