Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН МЭРИ МЕКЕМЕ, ИШКАНАЛАРДЫН ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

02.09.2024  17:14     Кароолор (27)

Бүгүн, 2-сентябрда Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов шаардагы бир катар маанилүү объектилерди, анын ичинде Талас шаардык жылуулук менен жабдуу ишканасын, Газпром спорт комплексин, Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыктын имараты курула турган жерди жана Талас шаарынын коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасын жеринде таанышып, текшерип чыкты. Ал кызматкерлердин көйгөйлүү маселелерин угуп, алардын чечүү жолдорун талкуулады.