Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков №1 Абжалбек Чолпонкулов атындагы орто мектепке барып, жылытуу системасындагы көйгөйдү жеринен көрдү.
Аталган окуу жайда жылытуу начар болуп, мектеп суук тартып окууга тоскоолдук жараткан.
Маселеден кабар алган шаар башчысы тез арада мектепти жылуулук менен жетиштүү деңгээлде камсыздоо боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Мэр Нургазы Асылбеков кышкы суукта эң биринчи окуучулар үчүн коопсуз жана жылуу шарт түзүү зарылдыгын белгилеп, көйгөй жеке көзөмөлгө алаарын билдирди.