Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков квартал башчылары менен жыйын өткөрдү.

30.03.2026  18:50     Кароолор (11)

Жолугушууда алардын иш алып баруу шарттары айтылып, пикир алышуу болду.

Шаар башчысы квартал башчыларынын шаар турмушундагы орду өзгөчө экенин белгилеп, алардын калк менен тыгыз иш алып баруусу маанилүү экендигин баса белгиледи. Ошондой быйылкы Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чараларды уюштурууга активдүү катышып, колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Мындан тышкары жолугушууда квартал өкүлдөрүнүн эмгегин баалоо жана аларга сый акы кароо маселеси да көтөрүлдү.