Жаңылыктар

Талас шаарынын мэри Нургазы Асылбеков мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрдү.

26.11.2025  16:31     Кароолор (19)

Жыйында алдыдагы шайлоого байланыштуу шаар аймагында техникалык коопсуздукту камсыздоо маселелери талкууланды. Мэр Нургазы Асылбеков буга чейин берилген тапшырмалардын аткарылышын сурап, ар бир жетекчиден жасалган иштер боюнча так маалымат берүүнү талап кылды.

Ошондой эле, бардык аймактарда коопсуздук талаптарын күчөтүү, шайлоо күнү эч кандай мүчүлүштүктөргө жол бербөө зарылдыгы белгиленди.