Жаңылыктар

ТАЛАС ШААРЫНЫН МЭРИ ПОДРЯДЧЫЛАР МЕНЕН ЖУМУШЧУ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

11.05.2026  17:25     Кароолор (1)

Бүгүн, 11-май Талас шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаар башчысы Нургазы Асылбековдун жетекчилиги астында кеңейтилген курамдагы жумушчу жыйын болуп өттү. Жыйынга шаар аймагында курулуш, жол оңдоо иштерин жүргүзүп жаткан подряддык уюмдардын өкүлдөрү жана шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Кеңешмеде шаардын инфраструктурасын өнүктүрүү, жолдорду асфальттоо жана курулуш иштеринин сапаты талкууланды. Шаар башчысы подрядчыларга ишти өз убагында бүтүрүү талабын койсо, мекеме жетекчилерине курулуш жүрүп жаткан тилкелерде тиешелүү иштерди координациялоону жана көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

"Биз биргелешип иштегенде гана сапаттуу жыйынтыкка жетебиз. Ар бир мекеме жетекчиси өз багыты боюнча курулуш иштерине көмөктөшүп, ошол эле учурда катуу көзөмөл жүргүзүшү шарт", — деп белгиледи Н. Асылбеков.

Жыйындын соңунда иштин жүрүшүн тездетүү жана сапатын камсыз кылуу боюнча протоколдук тапшырмалар берилди.